Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Ошто 30 жаңы отказан ишке кирет


Бул тууралуу Ош шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев жылуулук түйүндөрүнүн абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Мэрдин айтуусунда, 20-ноябрга чейин коюла турган 30 отказандын 13ү модулдук режимде иштейт. Алардын өзгөчөлүгү мазутту аз пайдалануу менен жылуулукту эски отказандарга караганда көбүрөөк бере тургандыгында. Маселен союз учурунда курулган отказандарга суткасына 3500 тонна мазут жагылса, модулдук отказандар суткасына 1400 гана мазут иштетет.

Жаңы отказандардын жардамы менен 137 көп кабаттуу үй борбордоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырылмакчы.

Модулдук отказандар Орусиянын Бийск шаарында жайгашкан «Теплоцентр» заводунда жасалган.

“Ош жылуулук” муниципалдык мекемесиндеги учурда 60 отказан бар. Анын 43ү көмүр менен иштейт, 17си электр менен иштейт. Шаардык мэрияга караштуу ТЭЦте болсо 3 отказан бар. Бул эки ишкана буга чейин көп кабаттуу 503 үйдү жылуулук менен камсыздап келчү. Ош шаарына 1-ноябрдан тарта жылуулук берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG