Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Сулайманов: Көпчүлүк коалиция кандай иштей турганын көзөмөлдөйбүз


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Ал көпчүлүк коалициянын ишин көзөмөлдөп, кемчиликтерди айтып турарын белгиледи.

- Коалиция кандай иштейт, ишти кантип алдыга жүргүзөт биз көзөмөлдөп, сиздерге жардам бергенге аракет кылабыз. Ошол эле кезде кемчиликтерди так, даана көзгө сайып айтканга элдин алдында милдеттенмени моюнубузга алабыз.

Жогорку Кеңеште КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары көпчүлүк коалиция түзгөн. “Бир бол” оппозицияда каларын жарыя кылган.

Учурда парламент спикерди шайлоого аракет кылууда. Комиссия түзүү боюнча депутаттар ортосунда пикир келишпестиктер жаралууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG