Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Жээнбеков: Парламент аппаратынын кесипкөйлүгүн көтөрүү керек


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталган Асылбек Жээнбеков бүгүнкү жыйында билдирди. Ал парламенттин чыгымдарын азайтып, натыйжалуулугун көтөрүү үчүн депутаттардын эле эмес, аппараттын кесипкөйлүгүн көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Депутаттар Жогорку Кеңештеги тартипти орнотуу, бюрократияны кыскартуу, кадрларды туура тандоо, парламентаризмди өнүктүрүү, сырттан келгендерди кабыл алуу эрежелерин кайра кароону сунушташууда.

Көпчүлүк коалиция төрагалык кызматка Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган. Бүгүн ЖК спикерди шайлайт. Учурда талапкердин келечектеги пландарын угууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG