Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:36

Быйыл тогуз айда мигранттар Кыргызстанга 1,4 млрд. доллар акча которгон. Бул былтыркыга караганда 28 % аз. Бул тууралуу Экономика министрлигинин орун басары Данияр Иманалиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Ал Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке кирген үчүн кризисти көп сезбей жатканын, Бажы биримдигинин алкагында иштер дагы эле жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта мүчө болду. Ушул күнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы бекеттери алынган. Биримдикке Кыргызстан,Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG