Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Парламент спикерликке Жээнбековду шайлады


Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбековдун талапкерлигин 114 депутат колдоду. Төртөө каршы болду. Парламент бүгүнкү отурумунда төраганын шайланышы боюнча токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүлгөнү бүгүн расмий түрдө жарыяланды. Анын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары кирди.

“Республика Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов фракция оппозицияда каларын билдирип, азчылык дебей өз убагында сөз берилет деп ишенерин айтты.

- Азыр 2007-жыл эсиме түшүп жатат. Анда “Ак жол” партиясы көпчүлүктү түзүп, социал-демократтар оппозицияда болуп атат. Азыр “Бир бол” менен “Республика Ата Журт” оппозицияда калып атат. Биздин кызыкчылыгыбыз Кыргызстанды оңдоо. Оппозицияда болсок да кол тийбестигибизден баш тартып жатабыз. Эгер бул колдоого алынса чоң тарыхый чечим болот, - деди Бабанов.

Оппозицияда калып жаткан “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов болсо көпчүлүк коалициянын ишин көзөмөлдөп, кемчиликтерди айтып турарын белгиледи.

- Коалиция кандай иштейт, ишти кантип алдыга жүргүзөт биз көзөмөлдөп, сиздерге жардам бергенге аракет кылабыз. Ошол эле кезде кемчиликтерди так, даана көзгө сайып айтканга элдин алдында милдеттенмени моюнубузга алабыз.

Төрт фракциядан турган Коалициялык көпчүлүк төрагалыкка Жээнбековду көрсөтүп, ал спикерликке шайланды.

- Кыргыз мамлекети, кыргыз эли үчүн кызмат кылам. Ишенимиңиздерди актаганга чоң аракет жасайм”, – деди жаңы шайланган спикер.

Асылбек Жээнбеков парламенттин чыгымдарын азайтып, натыйжалуулугун көтөрүү үчүн депутаттардын эле эмес, аппараттын кесипкөйлүгүн көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке 2011-жылдан бери, төрт жыл төрагалык кылды.

XS
SM
MD
LG