Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Түркияда ИМ тобунун согушкери деп шектелгендер кармалды


Сириялык качкындардын Газиантеп провинциясындагы лагери.
Сириялык качкындардын Газиантеп провинциясындагы лагери.

Түрк бийликтери тогуз адамды өлкөнүн түштүгүндөгү Газиантеп провинциясынан кармады.

Айтымда, алар Стамбулда саясий партиянын кеңселеринде жанкечтилердин жардырууларын пландап, 1-ноябрдагы парламенттик шайлоо алдында “башаламандык” жаратууну көздөшкөн.

Газиантеп провинциясынын бийликтеринин маалыматына караганда, тогуз адамдын экөөсү 30-октябрда эле камакка алынган.

Калган жетөөсү андан кийинки рейддер учурунда кармалды. Кармалгандардан гранаталар, жардыруучу заттар, ок атуучу курал табылды.

Түркиянын прокурорлору эми “Ислам мамлекети” тобунун Газиантептеги бөлүмү өлкөдөгү соңку бир канча бомба чабуулдарды, анын ичинде Анкарада өткөн айда эки жанкечтинин 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган жардырууну уюштурганы боюнча ишенимдүү далилдер бардыгын айтышууда. Түрк бийликтери акыркы кездери "Ислам мамлекети" тобунун согушкери деп шектелгендерге каршы операцияларын күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG