Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Румынияда өкмөт кызматтан чегинүүдө


Румыниянын кызматтан кетип жаткан премьери Виктор Понта.

Румыниянын кызматтан кетип жаткан премьери Виктор Понта.

Румын өкмөтү жана өзү кызматтан кетип жатканын премьер-министр Виктор Понта жарыялады.

Румын өкмөтү борбор шаар Бухаресттеги түнкү клубда адамдардын өмүрү кыйылышынан улам өлкөдө массалык нааразылык акциялар күчөп кеткенден улам кызматтан кетүүдө.

30-октябрь күнү түнкү клубдагы өрттөн 32 кишинин өмүрү кыйылып, ондогону жаракат алды.

Кечээ эле Бухарестин көчөлөрүнө 20 миңдей адам чыгып, премьердин, ички иштер министринин, шаар мэринин кызматтан кетишин талап кылышкан эле.

Демонстранттар түнкү клубда өрт чыгуу себептерин бийликтин коррупцияланышып кеткенине байланыштырышты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG