Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

Бул тууралуу Кара-Суу районунун акимчилигинен кабарлашты. Кара-Суу районунун эң улуу жашоочусу Айша Атабаева Папан айыл өкөмөтүнүн Тогуз-Булак айылында жашайт. Ал 1885-жылы Алай районунун Правда айылында туулган.

1905-жылы Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына турмушка чыккан. 130 жаштык өмүрүндө 6 балалуу болгон. Учурда 4 баласы, 32 небереси, 47 чөбөрөсү бар. Акимчилик өкүлдөрүнүн айтуусунда, Айша Атабаеванын угуусу, көрүүсү жакшы. Өзү басат.

Кара-Суу районунда 100 жаштан өткөн 10 чакты карыя бар. “Кайрымдуулук айы” деп жарыяланган бир айлыкта алардын баарына жергиликтүү бийлик каржылык көмөк көрсөттү. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG