Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Бакай-Ата районундагы “Татбуурчак” фирмасы төө буурчактын таза эмесин 35 сомдон сатып ала баштады. Бирок бир адам жеке паспорту менен 5 кап гана сата алат. Ар бир каптын салмагы 50 килодон. Жергиликтүү дыйкандар сорттолбогон жана чаң төө бурчакты катуу талап менен албай жатканын айтышууда. Мындан сырткары баанын ишти актабай арзан болуп жатканына нааразы болгондор да бар.

Октябрдын соңунан бери төө бурчактын баасына бийлик көзөмөл жүргүзүүдө.

Кара-Буурдагы митингден кийин өкмөт төө бурчактын баасын иликтеп, 35 сомдон сатууну дыйкандарга жана фирмаларга сунуштаган. Бирок эки тарап бул баага макул болбой жатышкан. “Татбуурчак” 35 сомдон ала баштагандан тартып эл кезекте турат. (SS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG