Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

Орусия Сириянын оппозициячыл топтору боюнча келишимге чакырды


Сергей Лавров жана БУУ чабарманы Стефан де Мистура басма сөз жыйында. 4-ноябрь, 2015-жыл.

Сергей Лавров жана БУУ чабарманы Стефан де Мистура басма сөз жыйында. 4-ноябрь, 2015-жыл.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн билдиргендей, келишим БУУнун ортомчулугу астындагы тынчтык сүйлөшүүлөргө чакырылуусу зарыл делген оппозициячыл топтордун тизмеси боюнча түзүлүүсү керек.

Лавров Москвада БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура менен жолуккан соң Сирия оппозициясы Дамаск менен сүйлөшүү үчүн өзүнүн биргелешкен делегациясын куроосун талап кылды.

Буга чейин 30-октябрда Венада өткөн жыйында 17 өлкөнүн дипломаттары Сирияда жаңы Конституция кабыл алынып, эл аралык көзөмөл астында шайлоо өткүдөй кырдаал жаратуу үчүн режим менен оппозиция ортосундагы макулдашууга ортомчу болууну БУУдан суранган.

Бирок, президент Башар Асадын болочогу боюнча пикир-келишпестиктер али сакталууда. Батыш өлкөлөрү жана Саудиянын Асад бийликтен кетиши керек деген талабына Орусия менен Иран каршы. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG