Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Чек ара боюнча сүйлөшүү кийинки жумага жылды


Бул тууралуу өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев шаршемби күнү билдирди. Тажикстандын вице-премьер-министр Азим Ибрагим башында турган делегация 5-ноябрда Бишкекке келип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөк.

Кыргызстанда өкмөт алмашып жатканга байланыштуу тажик делегациясы кийинки жумада келе турган болду. Кыргызстан тараптан чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүү биринчи вице-премьер-министрге жүктөлдү. Бул кызматка Аалы Карашевдин талапкерлиги сунушталып жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG