Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Орусия Сирияда оор артиллерия жайгаштырууда


АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкери Виктория Нуланддын айтуусунда, Орусия Хомс жана Хама шаарларына жакын жерге артиллериясын жайгаштырды. Москва Сириянын куралдуу күчтөрүнүн чабуулун колдоо максатында аскерлеринин санын да көбөйтүүдө.

Күнүнө 2-4 млн. долларга турган Орусиянын аба соккуларын Виктория Нуланд “уятсыздык” катары баалап, соккулар жөнжай жарандар жашаган аймактарга тийип жатканын билдирди.

Виктория Нуланд жана дагы бир жогорку даражалуу дипломат Энн Паттерсон 4-ноябрда АКШ конгрессинин өкүлчүлүктөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде сөз сүйлөштү. Комитетте АКШнын Сириядагы стратегиясы кескин сынга кабылды. Американын өкүлдөрү азыркы учурда Сирияда 4 миңдин тегерегинде орус аскери жайгаштырылганын билдиришти. (AiT)

XS
SM
MD
LG