Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Кыргызстанда парламенттик шайлоо добуштарды массалык сатып алуулар менен өттү


Бул “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын байкоочуларынын 4-ноябрда жарыяланган отчетунда белгиленди. Бирок шайлоо жалпысынан атаандаштык негизде өттү, дейт коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова:

-Жалпы айтканда, албетте, шайлоо тынч өттү. Атаандашуу болду. Бардык партияларга тең шарт түзүлдү. Бирок алар өздөрүнүн шайлоо фондуна жараша үгүт жүргүзө алышты.

Динара Ошурахунованын айтуусунда,шайлоочуларды массалык түрдө бир пункттан башка пунктка которуп барып добуш бердирүү, шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сом күрөө коюлуп, ага акчалуу адамдардын гана катышуусуна шарт түзүү жана тизмени шайлоодон кийин өзгөртүү одоно кемчиликтерден болуп калды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөрүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG