Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жакупова: Миграция маселеси жакшы каралбай жатат


Бишкек четиндеги жаңы конуштардын көбүндө ички мигранттар жашайт
Бишкек четиндеги жаңы конуштардын көбүндө ички мигранттар жашайт

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн программасын талкуулоону улантууда. Талкуу жүрүшүндө “Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова чоң маселелердин бири деп эсептелеген миграция маселеси ар бир өкмөт алмашкан сайын структурасы өзгөрүп, жакшы каралбай жатканын белгиледи.

- Бул министрлик азыр өкмөттүн алдындагы кызмат катары түзүлгөнү жатат. Ар кайсы орган ушул маселе менен алектенип жатып функциялары чачыранды болуп жатат. Ички мигранттардын маселеси турат. Биздин он миңдеген жарандарыбыз дагы деле документтери жок жүрүшөт. Ички мигранттар жөнүндө мыйзамдарга ылайык 8 жыл мурда бирдиктүү реестр түзүлүшү керек болчу. Балдарынын күбөлүгү жок, медициналык жардамдарды ала албай жатышат.

Өкмөттүн программасында он бир багытка артыкчылык берүү каралган. Алар арасында макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо, мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияга каршы күрөш, ири долбоорлорду ишке ашыруу, экспортту өстүрүү жана медицина, билим берүү тармактары бар. Талкуудан кийин парламент өкмөт жана анын курамын бекитиши керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG