Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Оор кылмыш кылгандар өзүнчө абакка камалат


Чүйдүн Молдовановка аймагындагы №27 абак биринчи жолу оор кылмыш кылып камалгандар үчүн деп кайра түзүлдү. Бул тууралуу абактын жетекчиси Өмүрбек Кадыралиев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, аталган мекеме мурда кургак учук менен ооруган соттолуучулар дарыланчу жай болчу. Мекеме 400 адамды батыра алат.

Мындан сырткары милиция же башка күч түзүмдөрүнүн кылмыш кылган кызматкерлери №27 абакта өзүнчө бөлүмдө кармалат.

Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү оор кылмыш кылгандар менен тоок уурдагандар бир абакта жатканын туура эмес, деп сындап келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG