Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында премьер-министрлик орунга Темир Сариевди жана ал сунуш кылган өкмөттүн курамын, программасын бекитип берди. Ал үчүн 118 депутат “макул” деп добуш беришти. Сариев депутаттар талкууда айткан бардык сунуштарды эске алып, алар боюнча иштей турганын белгиледи.

-Жаманын мен алайын, жакшысын силер менен бөлүшөм. Бардык министрликтин башында премьер-министр турат. Бир министр жаман иштесе жоопкерчиликти мен алам, бирок ар бир министр, акимден өзүм талап кылып алам.

Буга чейин Темир Сариев өкмөт ишинин туруктуулугу үчүн анын курамы көп өзгөрбөй турганын билдирген. Ошентип, Жогорку Кеңеш 1-вице-премьер-министрликке Аалы Карашев, социалдык тармак боюнча вице-премьерликке Гүлмира Кудайбердиева, экономика тармагын тейлеген өкмөттүн орун басарлыгына Олег Панкратовдун талапкерлигин жактырды. Арзыбек Кожошев Экономика жана өнөр жай министрлигине, Турдуназир Бекбоев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине сунушталды. Калган министрлер мурдагы ордун сактап калышты.

Министрликтердин саны 14төн 12ге кыскарды. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызмат болуп өзгөрүп, анын айрым функциялары Социалдык өнүктүрүү министрлигине өттү. Ал эми Коргоо министрлиги комитетке айланып, анын төрагасы президент тарабынан дайындалат. Энергетика министрлиги жоюлуп, анын ордуна Улуттук энергохолдинг түзүлөт. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да холдинг болуп өзгөрөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG