Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Кыдырбаев: Зергерчилик тармагы кыйын абалда


"Макмал" алтын кени
"Макмал" алтын кени

Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстандын алтын тармагы” деген аталыштагы тегерек үстөлдө Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын катчылыгынын башчысы Улук Кыдырбаев билдирди. Ал өлкөдөгү зергерчилик оор абалда экенин белгиледи. Ал өзүндө баалуу металлдар жок болсо да Италияда зергерчилик тармагы өнүгүп, дүйнөдө алдыңкылардан болуп жатканын белгиледи. Муну ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар менен байланыштырды.

Кыргызстан жыл сайын орто эсепте 20 тоннадай алтын, 5 тоннадай күмүш өндүрөт. Бирок атамекендик зергерлер анын 2-3 % гана иштетишет. Ишкерлер Кыргызстанда зергерлик тармагын өнүктүрүү менен мамлекеттин казынасына 156 млн. ашуун кошумча каражат алып келүүгө боло турганын белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG