Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Бишкектеги спорт мектебинин функциясы өзгөрөт


Олимпиадалык резерв мектеби
Олимпиадалык резерв мектеби

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайы 2016-жылдан сентябрынан тартып спорт мектеби болуп өзгөрөт. Анын окуу жай функциясы Дене тарбия жана спорт академиясынын коллежине айландырылат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министрликке жаңы шайланган Темир Сариев парламент жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, спорт мектебиндеги кырдаал боюнча түзүлгөн атайын комиссия ушундай чечим чыгарган.

20-октябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайынын 50дөн ашуун тарбиялануучусу таш, таяк, союл менен коңшулаш жайгашкан №38 орто мектепке кирип келиишип эшик-терезелерди талкалап, окуучуларды сабап кетишкен.

Ал эми ички иштер кызматкерлери бул иш боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгошуп, 5 бала камалган. Эки мектептин окуучусу катышкан мушташ мурдарак да катталып, анда 3 бала бычакталган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG