Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Атамбаев: жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн ийкемдүү шарттар түзүлүшү керек


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун кеңешинин төрагасы, Oрусиянын финансы министринин орун басары Сергей Сторчакты кабыл алды. Анда өлкөдөгү стратегиялык жактан маанилүү тармактар, айыл чарба, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү, ипотекалык насыя боюнча долбоорду каржылоо багытында маселелер талкууланды. Президент Өнүктүрүү фонду дыйкандар пайдалуу шартта насыяларды алгандай, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн ийкемдүү шарттарды түзүү үчүн иштеши зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ушул күнгө чейин Айылбанк жана РСК банкы өлкөдөгү бизнесмендерден 2,7 миллиард сомго бааланган 191 арызды кабыл алышкан.

2015-жылдын 2-сентябрында Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести каржылоо программасын ишке ашыруу максатында аталган эки банк менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. Бул программа боюнча ишкерлерге бизнес жүргүзүү үчүн жылдык 12 % жеңилдетилген кредиттерди 5 жылдык мөөнөт менен алууга мүмкүнчүлүк берилет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG