Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Ошто исламдын радикалдашуусу талкууланууда


Бул тууралуу Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Институт уюштуруп жаткан “Ислам дининин Кыргызстанда радикалдашуусу: чакырыктар жана жооптор” аттуу жыйында мусулмандар арасында радикалдашуу көбөйүп жатканы айтылды. Анын ичинде этностук азчылыктардан жана аялдардан эктремисттик уюмдарга тартылуусу арбыганы сөз болду. Адистер мунун себебин социалдык теңсиздиктер жана үй-бүлөлүк зомбулуктар менен байланыштырышат.

Жыйында абак жайларда салттуу эмес диндердин жайылышы, Сирияга агылгандардын көбөйүшү жана аны алдын-алуу сыяктуу маселелер талкууланды. Ага дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, ИИМдин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, теологиялык жана диний эксперттер, эл аралык журналисттер катышууда.

Кыргызстанда террористтик 17 уюмга тыюу салынган. Учурда өлкөдө эки миңдей жаран эктремисттик уюмдарга мүчө экени айтылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG