Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Бусурманкул Табалдиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Табалдиев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган. Ал бул кызматка 2013-жылы жайында дайындалган болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG