Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Өмүр бою кесилгендер үчүн салынган абак жыл соңунда ишке берилет


Бүгүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн курулуп жаткан №19 абактын курулушу журналисттерге көрсөтүлдү. Жаза аткаруу кызматынын башкармалыгын башчысы Аскат Эгембердиевдин белгилешинче, абак жыл соңунда ишке берилет. Анын курулушу жалпысынан 374 млн.сом деп бааланса, анын 215 млн. бөлүнгөн. Анын алгачкы корпусу даяр болуп калды.

Жаңы-Жер аймагында жайгашкан бул жайда өмүр бою эркинен ажыратылгандар гана кармалат. Шарты катаал түрмө Орусия жана Казакстандагы абактардын үлгүсү менен салынган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 303 адам өмүр бою эркинен ажыратылган. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG