Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Канада өкмөтүнө түбү оогандык аял мүчө болду


Канаданын туусу.
Канаданын туусу.

Ооганстанда төрөлүп, кийин Канадага жер которуп, качкын макамын алган 30 жаштагы Мариям Монсеф жаңы бийликке келген премьер-министр Жастин Трюдонун өкмөтүнө кирди.

Мариям Монсефге демократиялык институттар министри макамы берилди. Ал 31 мүчөдөн турган өкмөт курамынын эң жаш өкүлү болуп калды. Мариям Ооганстандын Герат шаарынан атасы кайтыш болгондон кийин апасы жана эки кичинекей сиңдиси болуп, 11 жашында жер которушкан. Алар үй-бүлөсү менен Канадага барып жайгашкандан кийин качкын макамын алышкан.

Өткөн айда Канаданын либералдар партиясы парламентке шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен шайланган эле. Анын башында турган мурдагы премьер-министр Пьер Трюдонун уулу 43 жаштагы Жастин Трюдо өкмөт башчысы болду. Ал 56 жаштагы консервативдик партиянын лидери, 9 жылдан бери бийликте турган Стивен Харпердин ордун басты.

XS
SM
MD
LG