Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Орус бийлиги чет жактагы орус тилдүү медианы колдойт


Орус президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Патриарх Кирилл конгрессте. 5-ноябрь, 2015-жыл
Орус президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Патриарх Кирилл конгрессте. 5-ноябрь, 2015-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада бүгүн өткөн чет жерлердеги орус улутундагылардын конгрессинде дүйнөдөгү «бейтарап жана чынчыл» орус тилиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарына болушунча колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

- Азыркы тапта орус тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү 80ден ашуун өлкөдө иш алып барууда. Көз карандысыз, бейтарап позициясын сактоо менен кээде ар кандай көз караштарды билдирип, алардын көбү калыс, так маалыматты берүүгө аракет кылып жатышат. Заманбап Орусия, анын тарыхы жана жетишкендиктери, ошондой эле олуттуу тышкы саясий кырдаал тууралуу маалымат беришүүдө. Мунун баары, албетте, биздин өлкөнүн эл аралык аброю менен таасирин арттырат, - деди Владимир Путин.

Путин Москва чет жерлердеги, айрыкча КМШдагы орус тилдүү билим берүү менен орус тилинин статусуна өзгөчө көңүл буруп, аны бекемдөөгө бардык шарттарды түзөрүн да кошумчалады. Бул конгресске Орусиядагы 400гө чукул ар кыл улут жана этникалык топтордун өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG