Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Ослодо Vimpelcom холдингинин мурдагы жетекчиси кармалды


Норвегиянын баш калаасында Vimpelcom телекоммуникация холдингинин мурдагы жетекчиси Жо Лундер камакка алынганы маалым болду. Бул тууралуу 5-ноябрда норвегиялык телеканалдар айтып чыгышты.

Лундер Өзбекстандагы коррупциялык келишимдер менен байланышы бар деп шектелүүдө. Бирок анын жактоочусу Като Шетц анын буга эч тиешеси жок экенин белгилейт.

Жо Лундер 4-ноябрда Лондондон Ослого учуп келери менен аба майданында кармалды. Былтыртан бери АКШ менен Нидерланд бийлиги Vimpelcom компаниясы менен Гүлнара Каримовага таандык Takilant Ltd холдингинин ортосундагы келишимдерден коррупцияны изилдөөдө.

Лундер Vimpelcom холдингинин башчылыгынан ушул жылдын жаз айларында кеткен. Бул ишкана Орусия, Италия, Канада, Украина, Кавказ, Борбор Азия чөлкөмүндөгү уюлдук операторлордун башында турат.

XS
SM
MD
LG