Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Украинанын коопсуздук кызматынын 5-ноябрдагы кабарлоосуна караганда, мурунку юстиция министри Олена Лукаш 2014-жылы 100дөн ашуун кишинин өлүмүнө алып келген Киевдин борбордук аянтындагы атышууну тергөө ишине байланыштуу кармалды. Ага андан ары кандай чара көрүлүшүн сот аныктайт.

Олена Лукаш өз кезегинде Башкы прокуратурага күбө катары көрсөтмө берүү үчүн өз эрки менен коопсуздук кызматкерлери менен бирге келгенин, ага эч кандай кысым болбогонун билдирди. Массалык нааразылык акциялары жана 2014-жылдын 18-февралынан 20-февралына чейин Киев майданында ок атышуулар президент Виктор Януковичтин кызматын таштап кетүүсүнө алып келген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG