Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Акүй Орусия учагынын кыйроосуна терракт себеп болушун четке какпайт


Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама CBS телеканалына берген интервьюсунда учакта терракт болуш мүмкүндүгүнө АКШ өтө олутуу карап, кырсыкты өз алдынча иликтөөгө аларын билдирди. Ага чейин британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон учакта терракт болуш мүмкүндүгүн билдирген эле.

Акүйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест 5-ноябрда Вашингтондо маалымат жыйынында билдиргендей, Кошмо Штаттар Орусиянын А-321 учагынын Египетте кыйроо себеби тууралуу бир жактуу жыйынтык чыгара элек, бирок терракт болуш мүмкүнчүлүгүн четке какпайт:

-Кошмо Штаттар аба кырсыгы боюнча бир жактуу жыйынтык чыгара элек. Бирок ачык түрдө жарыяланган маалыматтарга таянып,өзгөчө ага жоопкерчиликти кимдер алганын карап, биз террорчулардын катышуусу мүмкүн болушун четке кага албайбыз.

Вашингтон жана Лондон терракт болгон деп айтып, бирок чалгындоо маалыматтары менен бөлүшпөй жатат деп, Москва кескин нааразылыгын билдирүүдө. Египет жана Орусия бийлиги учактын кыйроо себеби тууралуу расмий жыйынтык чыгара элек. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG