Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Акматбек Келдибековдун соту уланат


Ahmatbek Keldibekov Bishkek 2014
Ahmatbek Keldibekov Bishkek 2014

Келдибековдун коомдук адвокаты Мамбетжунус Абыловдун билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү сот жараянында тараптарга сөз берилет. 3-ноябрда сотто мамлекеттик айыптоочу-прокурор Акматбек Келдибековду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылды.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков Салык кызматын жетектеп турган мезгилде финансылык мыйзам бузууларга барган, Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде парламент өкүлчүлүгүн Москвада мыйзамсыз ачкан деп айыпталууда.

Келдибеков айыптоолорду четке кагып, күнөөсүн далилдеп анан жаза берүүнү соттон сурады. Иш Биринчи Май райондук сотунда каралууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG