Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:32

Лондон: А321 учагында бомба жүк ташуучу бөлүмдө болушу мүмкүн


Кыйраган орусиялык учактын калдыктары

Кыйраган орусиялык учактын калдыктары

Британиялык атайын кызматтар Синайда кулаган “Когалымавиа” авиакомпаниясына караштуу А321 учагына жардыруучу зат асманга көтөрүлөр алдында салынышы ыктымалдыгын болжолдошууда. Бул тууралуу өз булактарына таянып “Би-би-си” кабарлады. Анык болгондой, шаршембиде британиялыктар чалгындоонун жаңы маалыматтарды алышкан. Анда Синай жарым аралындагы согушкерлердин телефондук сүйлөшүүлөрү жазылган. Түшкөн маалыматтар Терроризм суроолору менен алектенген бириккен аналитикалык борбордо каралууда.

Эксперттердин айтуусунда, аэробустун жүк ташуучу бөлүмүнө кире алган кимдир бирөө жардыруучу затты жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнүн арасына катып коюшу мүмкүн. Эки күн мурда Британия бийликтери орус аэробусунда терракт болушу ыктымал деген маалыматтын негизинде Мисирдин Шарм-эш-Шейх шаарына аба каттамдарды токтотууга мажбур болгон. Орусия менен Мисир бийликтери учак туш болгон кырсыктын себептери туралуу азыр жыйынтык чыгаруу эрте экенин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG