Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Жогорку Кеңештин вице-спикерлери шайланды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Депутаттар Нурбек Алимбеков менен Бакыт Есенбаева Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басарлары болуп шайланды.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басарлыгына парламенттик көпчүлүк коалициясынан «Кыргызстан» фракциясынын өкүлү Нурбек Алимбековдун, ал эми оппозиция тараптагы «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Максат Сабировдун жана «Бир Бол» фракциясынан Бакыт Есенбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Алимбеков («Кыргызстан») 102 «макул», 12 «каршы» добуш менен, Бакыт Есенбаева («Бир Бол») 42 «макул», 33 «каршы» добуш менен Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басарлары болуп шайланды.

XS
SM
MD
LG