Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Украина: “Укроп” партиясынын лидери үй камагына чыгарылды


"Укроп" партиясынын лидер Геннадий Корбан

"Укроп" партиясынын лидер Геннадий Корбан

Киевдин Печерск райондук соту “Укроп” партиясынын лидери Геннадий Корбанды эки айга үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “112 Украина” телеканалы кабарлады. Корбандын адвокаттары доо арыз менен кайрыларын айтышты. Ошол эле маалда адвокат Оксана Тимчуктун айтуусунда, аны соттун чечими канааттандырды, анткени алар мындан да катаал жазаны күтүп жатышкан.

Киевдин мэрлигине талапкерлигин коюп, шайлоодо жеңилип калган “Укроп” партиясынын лидери 45 жаштагы Геннадий Корбан 31-октябрда Днепропетровскиде Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Мындан мурда Днепропетровск облсунун губернаторунун орун басары кызматын аркалаган Корбан уюшкан кылмыштуу топту негиздеген, Украинанын чыгышындагы жүрүп жаткан согуштун катышуучуларына багышталган 40 миллион гривенди менчиктеп алган, салык төлөөдөн качкан жана мамлекеттик мүлктү тараткан деген айыптар тагылууда. Корбандын жакын санаалашы, олигарх Игорь Коломойский жана "Укроп" партиясынын активисттери козголгон иштердин саясий мүдөөсү бар экенин белгилеп келишет.

"Укроп" партиясы 2014-жылдын сентябрында негизделген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG