Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынында парламент комитеттеринин төрагаларын шайлады. Шайлоо бюллетени менен жашыруун добуш берүү аркылуу өттү.

Ага ылайык, Галина Скрипкина (КСДП)- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына;

Алмазбек Баатырбеков (“Кыргызстан”)- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгына;

Мирлан Бакиров (“Өнүгүү”) - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагалыгына;

Садык Шер-Нияз (“Ата Мекен”) - Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагалыгына;

Кожобек Рыспаев (КСДП) - Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына;

Иса Өмүркулов (КСДП) - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына;

Нурлан Макеев (“Кыргызстан”) - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына;

Аскарбек Шадиев (“Бир бол”) - Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына;

Жаныбек Бакчиев (“Бир бол”) - Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына шайланды.

Көпчүлүк коалиция комитеттердин санын кыскарткан. Ага ылайык, мурдагы 14 комитеттин ордуна эми 9 комитет түзүлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG