Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

БУУ Минскини маалымат эркиндигин камсыздоого чакырды


Минскидеги адам укуктары боюнча абалды көзөмөлдөгөн БУУнун атайын докладчысы Миклош Харашти.
Минскидеги адам укуктары боюнча абалды көзөмөлдөгөн БУУнун атайын докладчысы Миклош Харашти.

Улуттар Уюмунун Беларустагы адам укуктары боюнча кырдаалды көзөмөлдөгөн атайын докладчысы Миклош Харашти кеңири реформасыз бул өлкөдө көз карандысыз медиа каражаттарынын эркин иш алып баруусу мүмкүн эмес экендигин белгиледи. Бул тууралуу Хараштинин Уюмдун Башкы ассамблеясына даярдаган докладында айтылат. Ал Минскидеги азыркы тартипке ылайык, ММКларды каттоодо атайын уруксат керектигин жана лицензияларды кайтарып алууда тандоо ыкмасы байкалганын баса белгилеген.

“Маалымат эркиндигин чектөө өз укуктарын коргойм деген журналисттерди куугунтуктоо менен тереңдеп жатат”, - дейт Харасти.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 1994-жылдан бери тактыны бербей келет. Өткөн айда ал бешинчи жолу шайланды. Өлкөдө өткөн соңку шайлоолорду эл аралык байкоочулар эркин жана бейтарап деп тааныган жок.

XS
SM
MD
LG