Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Берлинде “Нормандия төрттүгүнүн” сүйлөшүүлөрү башталды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү кечинде Германиянын баш калаасы Берлинге келип немис, француз жана украиналык кесиптештерине жолукту. Маалым болгондой төрт өлкөнүн өкүлдөрү Украинанын чыгышындагы жаңжалды жайгаруунун жолдорун талкуулашат. Германиянын тышкы иштер министринин айтымында 6-ноябрдагы сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы жаңжал жүрүп жаткан аймактан оор артиллериянын чыгаруу болмокчу.

2014-жылдын апрель айынан бери украиналык өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын ортосундагы кагылушуулардан сегиз миңге жакын адам набыт болду. Алардын басымдуу бөлүгү жай тургундар.

Ок атышууну токтотуу жана майдан тилкесинен оор куралдарды алып кетүү украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер 15-февралда Минскиде кол койгон келишимдин башкы шарттары эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG