Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Орусия Египетке учкан авиакаттамдарды токтотот


Кыйраган А321 учагынын калдыктары

Кыйраган А321 учагынын калдыктары

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников А321 учагынын кыйроо себептери аныкталмайынча Египетке аба каттамдарды токтото турууну сунуштады.

"Биз кырсыктык себептери боюнча обьективдүү жана такталган маалымат алышыбыз зарыл" - деген Бортников Синай аралдарындагы учактын кыйрашына байланыштуу Улуттук антитеррордук комитет аба каттамдары үчүн коопсуздук боюнча кошумча чараларды иштеп чыгарын кошумчалады.

Президент Владимир Путин бул сунушка макулдугун билдирди. Мамлекет башчысынын маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин ошондой эле Египеттен кайтып жаткан бардык жарандарга жардам көрсөтүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.

31-октябрда кыйраган учак Египеттин Шарм-эл-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп бараткан. Кырсыктан 224 адам набыт болду. Жакындары тааныган маркумдардын сөөгү жерге берилди. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана египеттик адистер учакты кыйроого жеткирген жагдайларды иликтөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG