Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Обама: Кейстон XL мунай кууру АКШ аркылуу өтпөйт


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама канадалык ири энергетикалык компаниянын Кейстон XL мунай кууру Кошмо Штаттар аркылуу өтөт деген билдирүүсүн четке какты.

6-ноябрда Ак Үйдө сүйлөп жатып Барак Обама талаштуу долбоор АКШнын улуттук кызыкчылыктарына дал келбестигин жана дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүн токтотуудагы өлкөнүн жетекчилик аракеттерине каршы келерин белгиледи.

Мындай чечим жети жылдык талаш-тартыштан кийин айтылды. Обама мамкатчы Жон Керри менен макул экенин билдирди. Буга чейин Керри узундугу 1179 мил куурдун өлкө борборунан өтүшүнө расмий түрдө каршы чыккан.

АКШ президенти ошондой эле куурдун курулушун колдогон, долбоор өлкө экономикасын бекемдеп, Кошмо Штаттардагы мунайдын арзандашына жол ачат деген жүйөлөрдү да четке какты.

Канаданын жаңы премьер-министри Жастин Трюдо мындай чечим анын "көңүлүн чөгөргөнүн" айтып, ошентсе да Обама менен жаңы сүйлөшүүлөрдүн айлампасын баштоого даярмын деп убада кылды.

XS
SM
MD
LG