Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Бозумчакта жол тоскондордун талабы аткарыла баштайт


Бозумчак кени

Бозумчак кени

Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын негизги көчөсүнө келерки жылдан тарта асфальт төшөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда жолдун долбоору иштелип, ушул жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Аны облустун аймагындагы жол тейлөө ишканалары алып барууда. Ал эми келерки жылдан тарта асфальттоо иштери башталат, ал кен казган компаниянын жергиликтүү бюджетке төлөгөн салыгынын эсебинен курулат",- деди Акматов.

Ушул жылдын июль айында райондун Көк-Серек айылынын тургундары Бозумчак кенине кеткен жолду бир суткага жакын бууп турушкан. Алар кенди иштеткен "Казакмыс голд Кыргызстан" компаниясына жол оңдоо жана жергиликтүүлөрдү жумушка алуу талабын коюшкан.

Ала-Бука районундагы Бозумчак жез-алтын кенин казакстандык "Казакмыс голд Кыргызстан" компаниясы 2008-жылдан тарта иштетип келет. Анын фабрикасы быйыл август айында ишке берилген.(RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG