Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Орусия учагынын кырсыгына “тышкы” фактор себеп болуусу ыктымал


Кырсыкка кабылган А321 учагы
Кырсыкка кабылган А321 учагы

Бул тууралуу француз адистери иликтөөнүн жүрүшүнө таянып билдиришүүдө.

"Франс 2" телеканалы лайнердин “кара кутусуна” жарылуунун үнү так, даана жазылып калган деп кабарлады. Британиялык эксперттер болсо, учак жүк салгычка күн мурунтан коюлган бомбадан улам жарылган деген божомолун билдиришүүдө.

31-октябрь күнү Шарм-эл-Шейх аэропортунан Санкт-Петербургга учуп бара жаткан жүргүнчү ташуучу учак Синай жарым аралына кулап, андагы 224 киши набыт болгон. Учактын кулашы боюнча алгачкы версияларда кырсыкка техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган. Бирок көп өтпөй, “ИМ” тобу учакты Сириядагы аракеттери үчүн Орусиядан өч алуу максатында жок кылышканын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG