Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Лейлекте жыл башынан бери алты бала бакча ачылды


Лейлек райондук акимчилигинин “Азаттыкка” билдиришинче, жыл башынан бери ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен район борборунан алыс жайгашкан алты айылда бала бакча ачылган.

Аталган балдар бакчаларын ачууда эл аралык уюм менен биргеликте Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы долбоордун өнөктөш аткаруучусу катары иш жүргүзгөн.

Жаңыдан ачылган бала бакчалар тийиштүү техникалык каражаттар, буюмдар жана методикалык китептер менен толук жабдылган. Мындан тышкары 10 жамааттык балдар бакчасынын башчылары жана тарбиячылары мектепке чейинки билим берүү боюнча атайын окуулардан өткөрүлдү.(JsA)

XS
SM
MD
LG