Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Органикалык азыктардын жармаңкеси өтүүдө


"Bio-KG" органикалык кыймылынын жана “Агрардык платформа” уюмунун уюштуруусу менен Бишкекте органикалык жана экологиялык азыктардын, буюмдардын жармаңкеси өтүп жатат. Үч күндүк жармаңкеге Кыргызстандын аймактарынан, коңшу республикалардан 200дөн ашуун дыйкандар, малчылар жана өндүрүшчүлөр катышууда.

Жармаңкеде азык-түлүктөрдөн тартып, күнүмдүк пайдаланылуучу буюм-тайымдарга чейин сатылууда.

Жармаңке 6-ноябрда башталган, 8-ноябрда жыйынтыкталат.

Уюштуруучулар органикалык айыл чарба бүгүнкү күнү дүйнөдө эң маанилүү болуп жатканын белгилеп, Кыргызстан бул багытта аракеттенүү менен дүйнөлүк базарда өз ордун тапса болорун айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG