Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Компаниянын 7-ноябрь, таңкы саат бештеги Бишкек-Ош багытындагы каттамы учак жок деген себеп менен кармалууда. Атын атагысы келбеген жүргүнчүнүн “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Эйр-Манас” аба компаниясы каттам эмне себептен кармалып жатканын, канча убактан кийин учууга мүмкүнчүлүк болору тууралуу маалымат берген эмес. Бул жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын туудуруп, алар компаниянын “Манас” аэропортундагы кеңсесинде кырдаалды түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, ызы-чуу чыгарышкан.

“Эйр-Манас” аба компаниясынын атын атагысы келбеген өкүлү Бишкек-Ош каттамы Стамбулдан келүүчү учактын кечигип жатканына байланыштуу кармалып жатканын “Азаттыкка” маалымдап, мындан башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандык жүргүнчүлөргө “Пегасус Азия” деп таанылган “Эйр-Манас” аба компаниясынын ишине нааразылык арбын айтылып жүрөт. Аталган аба компаниянын каттамдары убактысынан бир нече сааттап кечигип учаары, мындан өзгөчө транзиттик багыттагы жүргүнчүлөр көп жабыркашары маалым.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG