Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Бир жылдан бери уурулукка шектелип издөөдө жүргөндөр кармалды


Бул тууралуу Бишкектеги Октябрь ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалымат боюнча, аталган ИИБнын участкалык инспекторлору Борошев, Туйтуев, Касмалиев жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан 7-ноябрь күнү борбор калаанын түштүгүндөгү кичирайондордо батирлерди тоногон деген шек менен издөөдө жүргөн эки адам кармалды. Алардын кара түстөгү БМВ Х5 автоунаасын тинтүү учурунда каалгаларды ачуучу шаймандар, кол кап, ачкыч жасаган станок жана көп сандагы ачкыч сыяктуу далил заттар табылган.

Милициянын ырасташынча, булар бир жылдан бери издөөдө жүрүшкөн. Алар 50дөн ашуун үйдү тоногон деп шектелүүдө. Булар көбүнчө күндүзгү убакта, ээлери жок кезде үйлөрдү ачып кирип, акча, алтындарды алып жүрүшкөн деп маалымдайт милиция.

Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү ачык айтылбайт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG