Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кыргызстан менен Индонезия саясий кеңешме өткөрөт


Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, 6-ноябрда Бишкекте мекеменин Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаев менен Индонезиянын өкүлү Юри Тамрин жолугушту. Анда өз ара саясий кеңешмелерди жүргүзүү тууралуу документке кол коюлду.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтык, негизинен террорчулукка каршы күрөш, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кырдаалды жөнгө салуу, эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жана соода-инвестиция багытындагы алаканы жакшыртуу маселесин талкууга алышты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академия менен Индонезиянын адистерди даярдоо борбору да өз ара кызматташа турган болушту.

Эки мамлекеттин ортосундагы кийинки сүйлөшүүлөр Индонезиянын башкалаасы Жакартада өтөт.

Кыргызстан Индонезия менен көбүнесе соода тармагында алака түзүп келүүдө. Быйылкы жылдын эсеби боюнча соода жүгүртүүнүн көлөмү $1,5 млн. доллардан ашкан.(NT/ZKo)

XS
SM
MD
LG