Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

“Глобус” театры Бишкекте “Гамлет” спектаклин коюп жатат


"Глобус" театрынын актерлору

"Глобус" театрынын актерлору

Лондондун "Глобус" театрынын Бишкекке келиши эки айдан бери күтүлүп жаткан. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинен “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте “Гамлетти” көрүүнү каалоочулардын саны көп болгонуна байланыштуу социалдык түйүндөр аркылуу сынак түрүндө жүргүзүлүп, жеңүүчүлөргө билет бекер таратылды.

Британиянын "Глобус" театрынын глобалдык эки жылдык долбоору “Гамлет” спектакли менен ЮНЕСКОнун колдоосу аркасында 135 өлкөнү, анын ичинде Конго Демократиялык Республикасы, Руанда, Эритрея жана Эфиопия, Сомали, Судан, Ооганстан сыяктуу жагдайы татаал өлкөлөрдү кыдырды.

Бишкекте бир эле күн коюла турган бул спектакль бүтүндөй Кыргызстанга онлайн аркылуу көрсөтүлүүдө.(ZA;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG