Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:47

Мьянмада 2011-жылы бийликтеги аскерий режим жарандык өкмөт багытына өткөндөн бери алгач ирет парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоого оппозициялык күчтөр да кошулуп, 91 партия катышууда.

Эки палаталуу парламентке жарандар 664 депутатты шайлашы керек. Депутаттык мандаттардын чейрек бөлүгү аскер өкүлдөрүнө ыйгарылары айтылууда.

Мамлекет башчы Тейн Сейн өлкөдөгү оңчул партиянын лидери эсептелет. Ал эгер шайлоодо оппозиция көп добуш алса, бийликти тынч жол менен тапшырып берерин айткан.

Мьянма – Түштүк Чыгыш Азиядагы республика. Башкаруу ыкмасы – президенттик. 55 миллиондон ашуун эли бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG