Кыргызстан аймагында 9-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош жолунда кар көчкү жана кар күрткү болушу мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
9-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 2...7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -4...-9 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Туман түшөт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус жылуу болот.