Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы азайганын Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Нурбек Элебаев өкмөттүк жыйында билдирди. Таңсыктык жаңы баалардан улам азайган. Элебаевдин айтуусунда, электр энергиясынын баасын көтөрүү саясаты жемишин берип, керектөөчүлөр электр энергиясын сарамжалдуу пайдалана баштады.

Маалыматтарга ылайык, өткөн жылы электр энергиясынын таңкыстыгы 2 млрд. 300 млн. кВт саатты түзсө, быйыл 1,6 млрд. кВт саат болду. “Жаңы тарифтердин натыйжасында гана биз быйыл 1,2 млрд. кВт саат электр энергиясын үнөмдөдүк” деди Нурбек Элебаев.

Электр энергиясынын баасы үстүбүздөгү жылдын 1-августтунан тарта кымбаттаган. Жаңы тариф боюнча жөнөкөй тургундар 700 кВт саатка чейин 77 тыйын, андан ашык электр энергиясына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Ал эми өндүрүштүк ишканалар жана калган керектөөчүлөр баарын 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Өткөн жылы Токтогул суу сактагычында суу аз чогулганына байланыштуу электр энергиясында таңкыстык болуп, Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын импорттоого аргасыз болгон. Энергетиктер Казакстандан электр энергиясын алуу быйыл да уланарын белгилешүүдө.

Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 12,8 млрд. куб метр суу бар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG