Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Шарм-эш-Шейх аэропортунда коопсуздук начар корголгону айтылууда


Мисирдин Шарм-эш-Шейх аэропорту

Мисирдин Шарм-эш-Шейх аэропорту

Мисирдин Шарм-эш-Шейх аэропортуна коопсуздук кызматкерлерине 10 евро пара берип, курал же маңзат салынган жүк алып өтүүгө болорун Associated Press атын атагысы келбеген коопсуздук кызматкерлерге таянып жазды. Анда кызматкерлер аэропорттун коопсуздугу талаптагыдай корголбогонун, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүчү аппараттар бат-бат бузуларын, учактын салонуна алып кирилчү жүктөрдү, ал тургай учактардын күйүүчү майларын текшерүүдө шалаакы мамиле жасалып келгенин айтышкан.

Азырынча Мисир бийлиги бул маалыматтар боюнча үн ката элек. Бирок мурдараак Мисир президенти Абдель-Фаттах ас-Сиси Шарм-эш-Шейх аэропортун он ай мурда британиялык жана мисирлик адистер текшерип, жыйынтыгына канааттанганын билдирген эле.

Жекшембиде Эл аралык авиация комитети өзүнүн сайтына Синайда кыйраган орусиялык учактагы “кара жащикте” система иштебей калганы тууралуу маалымат жок экенин билдирген.

Кыйроо болгон жерде Эл аралык авиация комитетинин адистери орусиялык, мисирлик адистер менен чогуу иликтөө жүргүзүшүүдө. Алар менен кошо Франциянын, Германиянын жана Ирландиянын адистери да иштеп жатышат.

31-октябрда Мисирдин курорттук Шарм-эш-Шейх шаарынан Санкт-Петербургга бараткан жүргүнчү ташуучу учак Синай жарым аралында кыйраган. Учактын бортундагы 224 кишинин баары набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG