Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы кезектеги беттешти өткөрүү үчүн Австралияга жөнөп кетти. Таймаш 12-ноябрда Канберра шаарындагы GIO Stadium майданында өтөт. Бул тууралуу кыргыз футбол федерациясынан кабарлашты.
Эки команданын таймашы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында өтөт. Алардын биринчи беттеши быйыл 16-июнда Бишкекте болуп, 1:2 эсебинде австралиялыктар утуп алган. Ага карабай, серепчилер муну кыргыз футболчуларынын эң мыкты оюну катары сыпаттаган. (SE)