Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Орусия Мисирдеги туристтерин кайтарууда


Шарм-эль-Шейхтен кетип жаткан британ туристтери. 6-ноябрь, 2015-жыл.

Шарм-эль-Шейхтен кетип жаткан британ туристтери. 6-ноябрь, 2015-жыл.

Британия сыяктуу эле Орусия да Мисирдеги туристтерин чыгарып кетүүдө, алардын жүгү өзүнчө башка учак менен алынып келет.

Мындай чара коопсуздук жүйөсүнөн, Мисирдин аэропортторунда жүктү текшерүү талаптагыдай жолго коюлган эмес, деген тынчсыздануулардан улам көрүлүүдө.

8-ноябрда Мисирдин канча орусиялык турист кайтканы азырынча белгисиз.

Ал эми 7-ноябрда расмий өкүлдөр билдиргендей, 11 миң адам алынып келинди.

Жалпысынан Мисирдин Шарм-эль-Шейх жана Хургада курортторунда жүргөн орусиялыктар саны 80 миңдей деп айтылды.

Өткөн жума күндөн тарта орус бийликтери 31-октябрдагы кырсыктын себептери так аныкталмайынча Мисирге жүргүнчү учактардын каттамдары токтотуларын жарыялаган.

31-октябрда орусиялык авиакомпаниянын учагы Синай жарым аралдары үстүнөн кыйроосунан 224 адамдын өмүрү кыйылган болчу.

Кырсыкты иликтеп жаткан эксперттер азыр учактын “кара кутусу” анын бортунан каттап калган добуш бомба жарылгандагы үн деген тыянакка келишүүдө.

Орусиялык учакка бомба салынган болушу ыктымал деген божомолду буга чейин Британиянын жана АКШнын расмий өкүлдөрү да айтышкан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG